"Шаардык келин Шарапат", "Айылдык келин Алёнка", "Сүйүнчү, чоң апам эгиз төрөйт" жана башка тасмалардын режиссёру Ырыс Жоомартова жаңы тулпарлуу болду. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.
"Бул менин 8-темир тулпарым. Буга чейин Toyota Prado үлгүсүндөгү жол тандабасты айдап жүргөм. Ага дизель куюлчу да. Курбуларым көчөгө айдап чыксам эле, тракторуң менен чыктыңбы деп шылдыңдай беришчү. Ошого намыстанып, Toyota Land Cruiser VX V8 үлгүсүндөгү 2010-жылы чыккан жаңы унаамды алдым. Баасын ачык айтпай эле коёюн, бирок 3 бөлмөлүү батирдин акчасына келди", - дейт режиссёр айым.