"Музыка жана бий көпкө жоголгон жылмаюуну кайтарды". Медайымдар коронавирус менен күрөшүп жаткан адамдарга бий уюштурушту

Ухандагы ооруканалардын биринде медайымдар коронавирус менен күрөшүп жаткан дарылануучуларга бий уюштурушту. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Анда жазылгандай, ооруканалардын биринде коронавирус менен күрөшүп жаткан бейтаптардын маанайын көтөрүү максатында медайымдар бий уюштурушкан. Алар жалпы элдин сүймөнчүлүгү болгон аянт бийин (мында жаш-кары дебей айымдар чогулуп алып, сейил бакта, аянтта бирдей кыймылдарды аткарып, окшош бийлешет) бийлешкен. Абу аттуу айым бул көрүнүштү видеого тартып алып, интернет тармагына жүктөгөн жана анын алдына "Музыка жана бий көпкө жоголгон жылмаюуну кайтарды" деп жазган.

Видеодо эки медайым атайын вурустан коргоочу костюм, көз айнек тагынып жана медициналык кол кап кийип алып, музыканын ыргагы менен бийлей башташкан. Ал эми бейтаптар көпкө күттүрбөстөн, бийге кошулушкан. Алар бийдин аягында "бири-бирине жылмайып, жакында ооруну жеңебиз" деп оптимисттик ойлорун билдиришкен.

Медайымдардын бири Чэнь Сяояндын айтымына караганда, кесиптеши менен элдин маанайын көтөрүп, жылмаюу тартуулоо максатында бий уюштурушканын кабарлаган. Мындан сырткары, ал жердеги адамдар коронавирустун жеңил түрү менен ооруп жаткандыктан, мындай нерселер алардын пайдасы үчүн гана болорун кошумчалаган.

Медайымдар коронавирус менен күрөшүп жаткан адамдарга бий уюштурушту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
yrmat88
2020-02-12 11:27:05
Бийлеш керек, ырдаш керек. Жан дуйнон эс алат.
+2
bond02
2020-02-12 14:38:07
Гулзат Мамытбекти алып баргыла, дем берет.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан