Жергиликтүү басылмалардын бирине жарыяланган Майрам Акаева Бишкекке келди деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
"Майрам Акаева Кыргыз өлкөсүнө учуп келди деген маалымат "TUZ.KG" сайтына жарыяланган. Аталган кабар чындыкка дал келбейт. Майрам Акаева кыргыз чек арасынан өткөн жок", - деди маалымат катчы.
Бүгүн социалдык тармактарда экс-президенттин жубайы Майрам Акаева Бишкекке келгени, ал каза болгон уулу Айдар Акаевге Кемин районунда куран окутаары айтылган. Кемин райондук администрациясы жакын арада Айдар Акаевге куран окутуу болбой турганын билдирди. Ал эми укук коргоочу Токтайым Үмөталиева Майрам Акаева Бишкекке келди деген маалымат калп экенин айткан.
Айдар Акаев 43 жашында 6-февраль күнү жүрөк оорудан улам каза болуп, 8-февралда Москвада жерге берилген.