Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерине баш ийбей, авариялык абалды уюштурган деген шек менен айдоочу кармалды

Бишкек шаарында милициянын кайгуул кызматкерине баш ийбей, из жашырып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу аталган бөлүмдүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"5-февраль күнү Бишкек шаарындагы Манас кең көчөсү менен Москва көчөсүнүн кесилишинде Toyota Camry үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу өз кызматын аткарып турган МККБнын кызматкерине баш ийбестен авариялык абал жаратып, белгисиз тарапка из жашырып кеткен. Ыкчам издөөнүн жыйынтыгында 1991-жылы туулган Б.М. аттуу айдоочу кылмышка шектүү катары кармалып, Биринчи Май РИИБинин тергөө бөлүмүнө жеткирилген. Ал эми унаасы айып короосуна киргизилген. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 119-берене (майда бейбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан