Бишкекте автоунааны уурдап качканга шектелген жаран Бишкек-Ош жолунан кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
"11-февраль күнү Бишкек шаарында саат 15:30 чамасында алтын түстүү Дэу-Матиз унаасы уурдалгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ошол эле күнү Москва ОИИБи жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2002-жылы туулган Н.А. аттуу айдоочу саат 17:00 чамасында Бишкек-Ош автожолунда, тагыраагы, Беловодское айылында аталган унааны айдап бараткан жеринен токтотулган. Документин текшерүү учурунда жана айдоочуну суракка алганда, ал унааны уурдап качкандыгы белгилүү болгон. Айдоочу Москва РИИБинин тергөө бөлүмүнө киргизилген", - деп жазылат маалыматта.