Сузакта аял менен эркек бири-бирине бычак сайган окуя. Жандандыруу бөлүмүнө түшкөн аял палатага которулду

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 21 жаштагы аял киши менен 35 жаштагы эркек бири-бирине бычак сайып жиберген окуяда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган келин бүгүн, 13-февралда палатага которулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Сузак аймактык ооруканасынын директору Азизбек Жолдошев билдирди.

"Келиндин ички органы жана боору жабыркаган. Тактап айтканда, бычак тийген. Азыркы учурда абалы туруктуу, өз алдынча тамак ичип калды. Дарыгерлердин көзөмөлүндө", - деди дарыгер.

Окуянын чоо-жайы:

Кырсык тууралуу маалымат нөөмөт бөлүмгө 7-февраль күнү болжол менен саат 10:00 чамасында "Тез жардам" кызматы тарабынан келип түшкөн. Анда Сузак районунун аймагында жайгашкан мейманканалардын биринде эркек менен аял киши бири-бирин бычактап, денелеринен жаракат алышкандыгы маалымдалган. Сузак РИИБинин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барганда эркек менен аял киши бири-бирин бычактап, эс-учун жоготкон абалда жаткандыгы аныкталган. Алар "Тез жардам" менен райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Тергөө иштеринин жүрүшүндө Сузак районунун 1984-жылы туулган тургуну Д.М. мейманканага 21 жаштагы айым менен келген. Ал мейманкананын администраторуна кызды аялым деп тааныштырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zamir_kgz
2020-02-16 10:22:05
Сузактыктардын элинде башкача ушак кептер журот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан