super.kg logo

Индия тургуну коронавируска кабылдым деп ойлоп, өз жанын кыйган

 

Индиянын Анхра-Прадеш штатынын 50 жаштагы тургуну өзүн коронавируска кабылдым деп туура эмес ойлоп алып, жанын кыйган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

50 жаштагы фермер Бала Кришна коронавирус оорусу тууралуу акыркы маалыматтардан дайым кабардар болуп турган. Февраль айынын башында ал тумоолоп калган. Өзүн коронавирус жуктуруп алдым деп ойлоп, 5-февралда Тирапути шаарындагы ооруканага барып көрүнгөн. Дарыгерлер анда вирус бар экенин, бирок ал коронавирус эмес экенин эскертишкен. Бала Кришна дарыгерлердин айтканына ишенбей, үйүнө келгенде эч кимди жанына жолотпой, жакын келгендерди таш менен уруп кирген. 9-февраль күнү ал үй-бүлөсүн үйгө камап коюп, апасынын көрүстөнүнө барып, ошол жерден өз жанын кыйган.

Кришнанын жубайы Лакшми Деви кошуналарын чакырып, артынан барганча кеч болуп, күйөөсүнүн жанын сактай алышкан эмес. Ал эми маркумдун уулу Бала Мурали атасынын абалынан чочулап, Мамлекеттик тынымсыз байланыш кызматына чалганда, операторлор атасы Кытайга барбаган болсо, кабатыр болуштун кажети жок деп коюшканын айткан. "Эгер кимдир-бирөө убагында реакция кылса, атам аман калмак", - деп кейиген баласы.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(8)
13.02.2020. 19:40 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
110
Катталган:
14-11-2019
Соӊку аракети:
20-02-2020 12:25
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бечара Бала, жаткан жери жайлуу болсун.
13.02.2020. 20:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
30-12-2017
Соӊку аракети:
20-02-2020 08:29
Жынысы:
Белгисиз
+4
Каап жаман болуптур өзү деле ойлонбойбу десен коронавирус болсо врачтар кое берип коймок беле
13.02.2020. 20:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
07-03-2014
Соӊку аракети:
20-02-2020 08:14
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бул кишинин оорусу коронавирустан да жаман экен.
14.02.2020. 09:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
141
Катталган:
15-10-2011
Соӊку аракети:
20-02-2020 11:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
чуй
-3
bratanyn,туура! Шайтандын васвасасы...
14.02.2020. 06:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
645
Катталган:
04-09-2014
Соӊку аракети:
20-02-2020 09:56
Жынысы:
Белгисиз
-5
Бала балалыгыны кылыптыр да.
14.02.2020. 10:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
320
Катталган:
12-03-2014
Соӊку аракети:
20-02-2020 12:02
Жынысы:
Белгисиз
+9
Элге жугуп кала элкте озум олуп алайын деген го бечара.
14.02.2020. 10:52 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
14-12-2019
Соӊку аракети:
20-02-2020 02:02
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ооруу психически не здоровый
14.02.2020. 14:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
242
Катталган:
11-04-2012
Соӊку аракети:
20-02-2020 08:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
тынчтык
-2
Эх Бала Балаа
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
137713;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: