Малды идентификациялоо иши аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов билдирди.
"Бодо малга, чочколорго биркалар басылып, маалыматтык базага киргизилди. Асыл-тукум жылкыларды чиптөө, канаттууларды, балыктарды жана аарыларды идентификациялоо 2020-жылдын 4-кварталына чейин аткарылат", - дейт ал.
Учурда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын 2020-жылга карата кабыл алынган иш пландары, тармактык артыкчылыктуу багыттары тууралуу маселе каралууда.