Коронавирустун жайылышына каршы аракеттерди колдоо үчүн Кыргыз өлкөсү Кытайга гуманитардык жардам жөнөттү. Мындай маалыматты бүгүн, 18-февралда ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Жүк кытай тараптын суроо-талабына ылайык даярдалды, тагыраагы, 7 тоннага чукул антисептикалык жана зыянсыздандыруучу каражаттар, жеке коргоочу медициналык каражаттар жөнөтүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги гуманитардык жардамды белгиленген “Торугарт” көзөмөл-өткөрмө пунктуна чейин жеткирип берди", - дейт маалымат катчы.