Жогорку Кеңеште "Кумтөр" алтын кенинде болгон авария боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушталды

Бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңеште "Кумтөр" алтын кенинде болгон авария боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушталды.

Депутат Максат Сабиров кыска мезгил аралыгында эле "Кумтөр" алтын кенинде эки жолу авария болуп, үч адам каза болгонун эскертти. "Авариялардын жана адамдардын өлүмүнүн негизги себептери азыркыга чейин так аныктала элек. Жергиликтүү тургундар өтө нааразы. Ошондуктан, депутаттык комиссия түзүп, адам өлүмүнө алып келген кырсыктардын себептерин аныктап, анын жыйынтыгы менен кандайдыр бир чараларды көрүү керек. Депутаттар буга чейин "Кумтөр" алтын кени боюнча бир топ көйгөйлүү маселелерди көтөргөнүнө карабастан, тийиштүү органдар тарабынан жетиштүү чаралар көрүлбөй келет. Ошонун айынан дагы үч адам өлдү. Бул жолу парламент дагы, өкмөт дагы үн каткан жок. Өкмөттүн комиссия түзүлдү дегени менен ушул кезге чейин анын жыйынтыгы жок, авариянын себептери аныктала элек. Ошондуктан, бул маселени ошол бойдон калтырганга болбойт", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан