"Түркия мамлекети Бишкектеги “Вефа” соода борборун кыргыз компаниядан кайтарып алууну көздөп жатат. Учурда Жогорку Сотто териштирүү иштери жүрүүдө” деген маалымат социалдык тармактарга жарыяланган.
Бул боюнча Жогорку Сотко байланышканыбызда маалыматты тастыкташты.
“Түркия мамлекетинин кызыкчылыгын коргогон жактоочулар кыргыздардын “Аруу Жылдыз” аттуу компаниясы аталган соода борборун мыйзамсыз сатып алган деген жүйөө менен сотко кайрылышкан. Бүгүн, 20-февралда бул иш боюнча соттук отурум белгиленген”, - дешти басма сөз кызматынан.
Маалым болгондой, бул соода борбору 2006-жылы түрк инвесторлору тарабынан салынган. 2016-жылы түрк компаниясы аны Кыргыз өлкөсүндөгү компанияга саткан.