Милиция кызматкерлери 13 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан кызды Бишкек шаарынан табышты. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-февраль күнү Ат-Башы РИИБине Ат-Башы районунун тургуну 1993-жылы туулган М.у.Б арыз менен кайрылган. Анда 7-февраль күнү саат 08:30 чамасында үйдөн бир тууган карындашы 2003-жылы туулган Т.М. мектепке кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын айткан. "Ал үстүндө өңү кара түстөгү күрмө, кара шым, бутуна кара түстөгү бут кийим кийип жүргөн. Аны табууга жардам берүүңүздөрдү сурайм", - деп кайрылган.
Аталган билдирүү Ат-Башы РИИБи тарабынан каттоого алынып, издөө иштери башталган. 19-февраль күнү Бишкек шаарынан дайынсыз жоголуп жаткан кыз өзүнөн 8 жаш улуу эркек адам менен чогуу жүргөн жеринен табылган. Бүгүнкү күндө кыз бир туугандарына өткөрүлүп берилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.