"Токио-2020": Кытайда пландалган күрөш боюнча турнир Кыргыз өлкөсүндө өтөт

Күрөш боюнча Кытайдын Сиань шаарында пландалган турнир Бишкек шаарында өтөт. Бул тууралуу UWW`нын (Дүйнөлүк Күрөш Уюму) президенти Ненад Лалович жыйында сүйлөп жатып билдирди.

"Кыргыз өкмөтүнө жана Күрөш федерациясына ыраазычылык билдиребиз. Кыргыз өлкөсү ушундай чоң турнирди кабыл алып, өткөрүп жаткандарына кубанычтабыз", - деген ал.

Маалыматка ылайык, күрөш боюнча Кытайдын Сиань шаарына пландалган бул турнирди азыркы тапта дүйнө эли чоочулап турган коронавирустун айынан башка өлкөдө өткөрүү пландалган. UWW бул турнирди коңшу Казакстанга жана Өзбекстанга өткөрүү сунушун жибергенин жана бул өлкөлөр макулдук бербей койгонун билдирген.

Күрөш боюнча Азия чөлкөмүндөгү олимпиадага тандап алуу 27-29-март күндөрү Бишкек шаарында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
talas0707
2020-02-21 10:35:20
Акыркы болуп бизге айтканына окунучтуу. Айласы жогунан, болбосо казак, озбекке кошуп биринчи айтканда.
+15
tachkomur
2020-02-21 10:47:13
Оору болбогондо сурансанар да бермек эмес кара эми вирус болсо Кыргызстан Боло берсин деген мааниде
+12
Munarbek98
2020-02-21 11:36:44
Туура айтасыздар айласыздан бизге айтып атат. Чын-чынына келгенде мамлекетибиздин денгээли ошол болуп атат да. Буйурса биздин Өлкөбүз да өнүгүп кетээр
+7
Amantur_akjol
2020-02-21 12:22:16
Эч качан ооруулу спортчулар келбейт экинчиден бул сунушту биздин курош федерациясы сунуштаган окшойтКыргыз өкмөтүнө жана Күрөш федерациясына ыраазычылык билдиребиз. Кыргыз өлкөсү ушундай чоң турнирди кабыл алып, өткөрүп жаткандарына кубанычтабыз дегенине караганда
-1
zzz---zzz
2020-02-23 00:43:32
Amantur_akjol, орулуу спортчулар келбегени менен бирок орулуу куйормандар келиши мүмкүн
0
max-bek
2020-02-21 17:19:12
Олимп оюндарына жолдомо берчу оюндар бизде откону жакшы го. Кантседа оз мекенинде куйормандардын дем кучу менен кобуроок жолдомо алса эмнеси жаман. Кудай сактасын вирустан. Элдин саламаттыгы биринчи орунда го бирок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан