Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) Мьянма курамасын 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугуна жана 2023-жылы өтө турган Азия чемпиондугуна карата тандап алуу оюндарындагы Кыргыз улуттук курамасы менен болгон оюнун сүйлөшүп ойногон деп шек санап жатат. Бул тууралуу дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.
"ФИФА бул оюн боюнча иликтеп жатат, биз жыйынтыгын колубузга ала элекпиз. Мьянма курамасы да бул маселенин чечилишине кызыкдар", - деп билдирген Мьянма Футбол федерациясынын башкы катчысы Ко Ко Тейн.
Бул боюнча Кыргыз футбол союзу азырынча маалымат жок экендигин билдирди.
Оюн 2019-жылы 10-октябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн. Бул беттеште Кыргыз курамасы Мьянма курамасын 7:0 эсебинде жеңип алган. Бернхардт үч жолу, Шукуров эки жолу, Алыкулов жана Кичин 1ден гол киргизишкен. Бул оюндан кийин Мьянма Футбол федерациясы башкы машыктыруучусу Миодраг Радуловичти кызматтан алган.