ЖАМКнын кызматкерлери республикалык жана эл аралык турнирде биринчи орунду камсыздашты

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери республикалык жана эл аралык турнирде биринчи орунду камсыздашты. Эми алар дүйнө чемпиондугуна даярданышууда. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, турнир февраль айынын башында мелдеш грепплинг боюнча болгон. Анда Кыргыз өлкөсүнөн 600дөн ашык спортчу катышып, алардын катарында ЖАМКтын эки кызматкери да бар болгон.

"ЖАМКтын кызматкери Бүбүсайра Абдилманап кызы 64 килограмм салмак ченинде алтын медаль утуп, Азия чемпиондугуна жолдомо алды. Ал эркин күрөш жана күрөштүн "Алыш" түрү боюнча спорт чебери. Нурбек Сатиев 39 жаштан 44 жашка чейинки ардагерлер арасында 84 килограмм салмакта грепплинг боюнча алтын медаль утуп, Азия чемпиондугуна жолдомо алды. Ал жиу-житсу спортунун чебери. Ал эми Никита Цой Бишкек шаарында панкратион боюнча эл аралык турнирге катышкан. Бул беттеште Никита Өзбекстандан келген спортчуну нокаутка учуратып, панратион боюнча дүйнө чемпиону болду. Ал муай-тай боюнча март айында Таиландда өтүчү дүйнө чемпиондугуна барат", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.

Эске салсак, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпиону.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан