Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы квалификациялык талаптарга ылайык, офицердик курамдагы кызматка сынак жарыялайт.
Талапкерлерге коюлган талаптар:
Сынакка катышуу үчүн талапкерлер 20-мартка чейин төмөндөгүдөй документтерин тапшыруусу зарыл:
- өз атынан арыз;
- кадрлардын учёту боюнча кагаз;
- өмүр баян;
- өмүр баяндын рефераты;
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариустан күбөлөндүрүлгөн);
- дипломдун көчүрмөсү (нотариустан күбөлөндүрүлгөн);
- аскердик билет;
- паспорттун, туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
- 9х12 (1 даана) жана 3х4 өлчөмүндөгү (4 даана) сүрөт;
- 3төн кем эмес сунуштама каты;
- балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү (эгерде балдары бар болсо), нике тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (эгерде никеде турса);
- ЖАМКга кызмат өтөөгө жарамдуулугу жөнүндө аскердик-дарыгерлик комиссиянын медициналык аныктамасы.
Сынак үч этап менен өтөт:
Биринчи этап - физикалык даярдык, экинчи этап - тестирлөө ал эми үчүнчү этап - талапкер менен баарлашуу.
Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу тутумунда кызмат өтөө шарттары:
Документтерди Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кадрдык башкаруу кызматы кабыл алат.
Дареги: Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү. Байланыш телефону: 312 43 84 60, 43 82 10.