Жогорку Кеңештин төрагасы Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

"23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнү – биздин тарыхыбыздын шаӊдуу жана маанилүү майрамы. Аскер кызматын жана каармандыкты кадырлоо ар бир коомдо тереӊ тамыр алган. Мурдатан келе жаткан салтка жараша бул "мырзалардын майрамы" аталып келет. Анткени куттуу үйдү жана Ата конушун коргоо – байыртадан ар бир эркектин ыйык парзы болуп келген. Азыр биринчи кезекте, 23-февралда аскер кызматындагы жалаӊ гана мырзаларды эле эмес, аялзатын да куттуктайбыз. Жоокерлер ар бирибиз үчүн өтө ыйык болгон ар-намыс, антка бек туруу, мекенди сүйө билүү деген түшүнүктөрдү муундан-муунга ата мурасы катары өткөрүп келет. Ар бир жаран үчүн ата-журттун кызыкчылыгын коргоодон өткөн ыйык жана акыйкат милдет жок.

Сиздерди дагы бир жолу майрамыӊыздар менен куттуктайм! Ар бир үйдө, мекенибизде тынчтык, ырашкерлик өкүм сүрүп, асманыбыз ачык болсун. Жакшылык менен токчулук жылоолоп, ар бир үйгө кут консун", - деп айтылат куттуктоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан