23-февраль күнү УКМК башкармалыгынын нөөмөт кызматына өзүн Саид деп тааныштырган адам телефон чалып, Бишкектеги соода борборлорунун биринде теракт болот деген маалымат тараткан. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"23-февралда саат 13:14тө Чүй облустук УКМК башкармалыгынын нөөмөт кызматына өзүн Саид деп тааныштырган адам саат 16.00дө Бишкек шаарындагы соода борборлордо теракт болот деген маалымат берген. Бул факт 239-берененин 1-бөлүмү (террорчулук актысын жасайм деп коркутуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, телефон чалган адам Бишкек шаарында 1990-жылы туулган Тагир Султанбеков экендиги такталды.
Ал 2013-жылы Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту тарабынан 166-берене (алдамчылык) жана 167-берене (тоноо) боюнча 9 жылга эркинен ажыратылган. 2017-жылы Ысык-Ата соту тарбынан 170-берене (пара талап кылуу) жана 228-берене (террорчулук актысы жөнүндө билип туруп жалган кабарлоо) боюнча 11 жылга соттологон. 2017-жылы №3 түзөтүү колониясында отурган учрунда террорчулук актысы тууралуу телефондон жалган маалымат берген. 2018-жылдын 16-ноябрынан тартып №1 түзөтүү колониясында жазасын өтөп жатат. Тагир Султанбеков сурак учурунда айып изоляторунда отурганда, аталган телефон чалууну кылгандыгын моюнуна алып, №1 түзөтүү колониясындагы коркутуулардан улам бул кылмышты жасаганын айткан. Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.