27-28-февралда өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт

Февраль айынын соңуна чейин жаан-чачын жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлап, күтүлүп жаткан аба ырайы менен тааныштырат.

25-февралда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын айрым райондорунда жамгыр, кар, тоолуу райондордо жана Нарын облусунда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда жаан, кар, тоолуу райондордо жана Нарын облусунда кар жаашы күтүлөт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде, тоолуу райондордо жолдор тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

26-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жамгыр, кар, тоолуу райондордо жана Чүй, Талас облустарынын тоолуу аймактарында кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Нарын, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

27-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жамгыр, кар, тоо этектеринде, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. 27-28-февралда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга кар жабышат. Жолдор тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 26-февралда күндүз жана 27-февралда кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

28-февралда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде, тоолуу райондорунда, Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

29-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

1-2-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан