КҮНСОБОЛ: Кой-Таш окуясы боюнча иш сотко жөнөтүлдү. Сот бул иш боюнча калыс, акыйкат чечим чыгарат деп ишенесизби? Нышанов: "Акыйкат чечим чыгат деп ишенем"

Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча козголгон ишти изилдеп чыкты. Бул боюнча ишти Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берди. Анда 14 адам айыпталууда. Алардын катарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев, Рыспек Карыпбек уулу, Марат Шаменов, Нооруз Капарбек уулу жана Асангелди Какебаев бар.

SUPER.KG порталы "Кой-Таш окуясы боюнча иш сотко жөнөтүлдү. Сот бул иш боюнча калыс, акыйкат чечим чыгарат деп ишенесизби?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов акыйкат чечим чыгат деп ишене турганын айтты.

"Кой-Таш окуясында бир өкүнүчтүү көрүнүштөр болду. Ошол мезгилде оор болгон. Анан азыр мындай окуя болгон жок деп айткандан алыс болушубуз керек. Соттун биринчи, экинчи инстанциясы бар. Үчүнчү инстанцияга чейин бардыгы өз ордуна келет. Сот чечимдерине кээде нааразычылыктар көп болгон үчүн ишти кайрадан карашып ордуна келтирип жатышат. Акыйкат болот", - дейт Нышанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан