Америкалык ырчы Бритни Спирс социалдык тармактагы жеке баракчасына бийлеп жатып бутун кантип сындырып алганын чагылдырган чакан видеону тиркеди. Тартылган кадрда ырчы бийлеп жатып ийгиликсиз кыймыл жасап жыгылып, бутун кокустатып алганы чагылдырылат.
Ал аталган видеого комментарий берип жатып, алты айдан бери бийлей электигин, кээ бир кыймылдарды унутуп, денеси катып бара жатканын жана бул учур абдан жагымсыз экенин кошумчалап жазган.
Бритни Спирс дүйнөдөгү поп-аткаруучулардын сап башында турган ырчы. "Forbes" журналы Бритни Спирсти шоу-бизнестеги эң бай аялдардын ичинен 12-орунга койгон. Себеби ал 2008-жылдан 2009-жылга чейин 35 миллион доллар киреше тапкан. 2011-жылы Бритни Спирс ырчы Леди Гаганын колунан "MTV Video Music Awards" сыйлыгын алган.