Жалал-Абадда 2003-жылы туулган Мадина Рахмидин кызы изделет. Ал 23-февралда үйүнөн таарынып чыгып кеткен

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Бек-Абад айылынын тургуну 2003-жылы туулган Мадина Рахмидин кызы 23-февралдан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-февраль күнү болжол менен саат 11:30 чамасында дайынсыз болуп жаткан кыз үйүнөн таарынып чыгып кеткен.

Милиция кызматкерлери 17 жаштагы Мадина Рахмидин кызынын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Өзгөчө белгилери: бою 165-170 сантиметр, чачы кара, узун, өңү кара тору, орто дене түзүлүштө, көзү, кашы кара.

Кийген кийимдери: башында сыя түстөгү жоолук, кара түстөгү күрмө ичинде көк түстөгү көйнөк, кара түстөгү жынсы шым, жана бутунда кара түстөгү өтүк.

Мадина Рахмидин кызынын жүргөн жери боюнча кандайдыр бир маалыматтар болсо, төмөндөгү телефон номерлерге кабарлап коюңуздарды суранабыз.

Байланыш телефону: 03748)5-02-09, 0777 80-65-68, 0550 31-31-22.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tolik777
2020-02-28 10:50:28
Таарынса, анда Таласка кеткен болуш керек
+2
bond02
2020-02-28 10:59:38
23 февральда бироону куттуктап кеткен го дейм.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан