Чүй облусунун Сокулук районунда аялын өрттөп өлтүргөнгө шектелип кармалган күйөө 2 айга камакка СИЗО-1ге киргизилди. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
12-февралда Сокулук РИИБине аймактык ооруканадан билдирүү келип түшкөн. Анда аталган оорукананын жандандыруу бөлүмүнө күйүктөн жаракат алган аял түшкөнү маалымдалган. Жабырлануучу күйүктөн алган жаракатынан улам эртеси күнү каза болгон. Маркум 42 жаштагы М.О. аттуу аял экени аныкталган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Тийиштүү соттук-медициналык экспертиза дайындалган.