"Dordoi Plaza 2" соода борборунда жаңы O!Store ачылды

Борбор калаадагы O!Store тармагы Бишкектин так ортосунда жаңы дүкөнүн жана абоненттерди тейлөө кеңсесин ачты.

Бул шаардагы он тогузунчу O!Store болуп калды. Бул жерде кардарлар О! түйүнүнө кошулуп, кошумча кызматтарды кошуп, керектүү аксессуарларды, алдыңкы өндүрүүчүлөрдүн смартфондорун текшерип жана сатып ала алышат (кредитке же бөлүп төлөөгө), жөнөкөй сөз менен айтканда – бардык “мобилдик” маселелерин чечип алышат.

Жаңы филиалдын дареги: Ибраимов көчөсү 115, "Dordoi Plaza 2" соода оюн-зоок борборуна Ибраимов көчөсүнөн киргенде сол жакта. Жаңы кеңсенин иш убактысы: 10:00-22:00, тыныгуусуз жана дем алышсыз.

Оператордун динамикалуу өнүгүүсү жана абоненттик базасынын туруктуу көбөйүүсү кошумча тейлөө кеңселерин түзүүнү талап кылды. Эми көптөгөн бишкектиктер жана борбордун меймандары өз районунан жакын жердеги супермаркет, май куюучу жай менен дарыкананы тапкандай эле, O!Store дүкөнүн да таба алат.

Азыркы учурда О! Мобилдик оператору Кыргызстандагы ири чекене түйүндөрүнүн бирине ээлик кылат. Оператордун республика боюнча 104 O!Store дүкөнү бир эле убакта абоненттерди тейлөө кеңселеринин да кызматын аткарат. Бардык филиалдардын даректерин ostore.kg сайтынан тапса болот.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан