Бүгүн, 3-март күнү Кой-Таш окуясы боюнча Биринчи Май райондук сотунда белгиленген алдын ала угуулар эртең, 4-мартка саат 10:00гө жылдырылды. Бул тууралуу Кундуз Жолдубаева SUPER.KG порталына билдирди.
"Бүгүнкү күнгө белгиленген алдын ала угуулар эртеңкиге жылдырылды. 5 адам тергөө менен кызматташууга макул болгон. Алардын соту чогуу каралбайт экен. Азыр баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча кайрылдык. Биз тергөө иши менен таанышканда 84 том болсо, азыр судья 88 том болгонун айтып жатат. Эгер бийлик коркпой турган болсо, анда сотту кичине залда эмес, Спорт сарайында өткөрсүн. Элдин баары сот отурумуна күбө болсун. Сотко Алмазбек Атамбаев келди, абалы туруктуу. Мындан ары бардык сот отурумуна катышат", - дейт ал.