Ош шаарында 1-класстын окуучусун КамАЗ сүзүп кетти. Жабырлануучу окуя болгон жерден каза болду

Ош шаарында 1-класстын окуучусун жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн жүк ташуучу унаа сүзүп кетти. Окуучу алган жаракатынан улам каза болгонун шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

"Кырсык бүгүн, 4-мартта болжол менен саат 13:00дө Исхак Раззаков менен Уркуя Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде орун алды. Анда чыгыш тарапты көздөй бара жаткан жүк ташуучу унаанын айдоочусу жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн 2013-жылы туулган А.М. аттуу окуучуну сүзгөн. Жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болду. Айдоочу 1977-жылы туулган А.У. экени аныкталды. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат", - дейт мекеменин маалымат катчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Chungyz
2020-03-04 19:23:48
камаз шаардын ичинде не кылып журот
+3
nursiyanur
2020-03-04 23:50:37
Негизи айлампа жолго ушул кочо мн кетет жук ташуучу унаалар,каап жаман болуптур
0
nursiyanur
2020-03-05 10:19:28
Байкуш баланын ата-энесине жалько,эч кимдин башына салбасын..Сабыр
+2
ika8086
2020-03-05 11:26:39
светафордон адамдар учун отмок жанып турганда маалда жан талашып олуп кетишет шоферлор.Сигналдарын чалып,зебранын устуно келип туруп алышат.Созсуз турдо отмок жолдор курулушу шарт азыр шаар ичинде окуучу менен студент коп козунорду чон ачкыла шоферлор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан