АКШда болгон чагылган аралаш куюндан 22 адам каза болду

АКШнын түштүк-чыгышында болгон катуу куюн 22 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына шилтеме берүү менен жазышууда. Ошондой эле окуяны чагылдырган видео, сүрөттөр интернетке тарады.

Маалыматка ылайык, катуу куюн 3-мартта болгон. Алгач ал ири шаар аталган Нэшвилл шаарын өз кучагына алган. Айтылбай келген жаратылыш кырсыгынан 47 ар кандай объекттер талкаланып, 150 адам ооруканага ар түрдүү жаракаттары менен кайрылганы белгилүү болду. Ал эми азыркы учурга чейин кырсыктын кесепетинен жоголгон жарандар изделип жатат. Мындан сырткары 73 миңден ашуун үй-бүлө электр жарыгысыз калган.

Ал эми өлкө президенти Дональд Трамп окуяга байланыштуу 6-мартта аталган аймакка барып, жашоочулар менен жолуга турганын билдирди.

Америкада болгон куюн 22 адамдын өмүрүн алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
pero5184
2020-03-04 23:46:53
Аллага шүгүр.Тооба келтирели,бизде баары сонун
+1
Arstan18.18
2020-03-05 17:54:49
Баары соонунунада шугур жок торнаданы озубуз баштап жатабызго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан