реклама
super.kg logo

5 жыл мурун адам өлтүрүүгө шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

 

Чүй облусунда 5 жыл мурун оор кылмышы үчүн Ички иштер министрлигинин каттоосунда турган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

"2015-жылы май айында Жайыл РИИБине аймактык ооруканага 20 жаштагы киши колдуу каза болгон жаран түшкөндүгү тууралуу маалымат келген. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 97-берене (киши өлтүрүү) боюнча катталган. Иликтөөнүн жыйынтыгында кылмышка шектүүнүн өздүгү аныкталган. Ал 1989-жылы туулган М.Ч. аттуу Чүй облусунун тургуну болуп чыккан. ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган шектүүгө издөө жарыяланып, иликтөө иштери улантылган.

2020-жылдын февраль айында анын дареги аныкталып, 3-мартта Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн биринен колго түшүрүлгөн. Учурда ал Жайыл РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө уланууда", - деп жазылат маалыматта.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
04.03.2020. 20:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
132
Катталган:
25-06-2015
Соӊку аракети:
07-04-2020 19:10
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сакал коюп , намаз окууп атса - ички дунуйосу таза адам деп ойлошот . Москвада деле чечендер сакал коюп алып - брат ты мусулманин я мусулманин деп , мы братия деп алып - тоногондор да ошолор , рекетчилик кылгандарда и башка кылмыштарды кылган да ошолор .Адал акча табып иштегиси келишпейт.
04.03.2020. 22:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2556
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
07-04-2020 15:57
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жаш карысы баары эле сакалчан, кимиси ыйман жолунда кимиси кылмыш дуйносундо журот белгисиз.
04.03.2020. 22:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
09-08-2015
Соӊку аракети:
07-04-2020 11:37
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сакалдын баркын кетирдиңер да атаң көрү...
04.03.2020. 23:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
19-10-2010
Соӊку аракети:
07-04-2020 16:54
Жынысы:
Белгисиз
+1
Не Кыргызстан да баары эле ушшкан топтун мучосу,мучо болбогон мен анан кошунам калган окшойт,кармап бутпой койдуго буларды
05.03.2020. 00:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
19-04-2014
Соӊку аракети:
07-04-2020 17:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ala-Buka
+2
Dani, анан мен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
140721;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: