Бүгүн, 10-мартта Бишкек шаарында феминисттер кайрадан "Аялдардын тилектештиги" деп аталган жүрүшкө чыгышты. Алар бул жүрүш менен аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы экенин билдиришет.
Бул акцияга рэпер Тата Улан да келди. "Силер (маршка чыккандарга) кичинекей маселени туура эмес бурчтан баштап алдыңар. Эмнеге аялды урду деп жатасыңар? Күйөөсү аялын өлтүрүп коюптур дегендер чет өлкөдө деле бар, бул пендечилик. Кыргызда көгүштөр болгон эмес, болбошу да керек. Алардын тукуму уланбайт, түгөнөт. Бүгүнкү маршка чыккандар кичине акча алып чыккандыр. Бирок эртеңки күнүңөрдү ойлогула. Эркек балаңар же небереңер келип, мен бир баланы сүйүп калдым дегенде ушул күндү эстейсиңер. Мен маршка каршы чыктым. Аялдардын укугу тебелене берсин деп эмес, аша чаап кетпегиле деп чыктым", - дейт ал.
Рэпер аялдарды менталитетке дал келтирип, кыргыздын түшүнүгү менен коргойбуз дейт. "Бизде аялдын орду бар. Орду деген жаман сөз эмес, биринчиден, аялдын орду - эне. Ар бирибиз энебизди сыйлап келгенбиз. Аялдарды көк ала кылган, ур-токмокко алуу туура эмес. Эркек намыстуу болгондо гана аялынын укугун, энесин, кыздарын коргой алат. Коргоо деген бапестеп багуу. Мисалы, мен үй-бүлөмдү кантип коргойм? Мактанбай эле коёюн, аялым акылдуу үйдө отурат, иштебейт. Аны багуу менин милдетим, намысым. Ал эми балдарым апасынын жанында, энем төрдө эс алып отурат. Бул деген кыргыздын табияты да", - деди рэпер.
Журналисттердин "Аялыңызды иштетесизби?" деген суроосуна "Мен аялымды иштетпейм. Анткени апабыз бизге басканды үйрөткөн, тамганы үйрөткөн. Азыр мен аялымды иштетип койсом, балдарыма ким эмнени үйрөтөт?", - деп жооп берди.
Буга чейин алар 8-мартта "Жеңиш" аянтына маршка чыгышкан болчу. Бирок жүрүш башталар алдында калпак кийип, бет кап тагынган 20 чакты эркек киши келип, плакаттарын тартып алып, өздөрүн таратуу аракетин көрүшкөн. Милиция жүрүшкө чыккан активисттерди кармап кеткен болчу. Коомчулуктун бир бөлүгү алар чектен ашып баратышкан десе, бир бөлүгү биз бардык адамдардын үнүн угууну билишибиз керек деген ача пикирлер жаралган.