Депутат Курманкул Зулушев "чай куйбайм", "мен төрөбөйм" дегендерге жооп катары кыргыздын каада-салттары жана үрп-адаттары тууралуу китеп чыгарууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбековдон 8-мартта өткөн жүрүш тууралуу пикири кандай экенин сурады.
Нуржигит Кадырбеков жүрүшкө чыккандардын максаты башка болушу мүмкүн экенин айтты.
"Улуттук оюндар боюнча кыргыз жана орус тилдеринде китептерди чыгыралы деп жатабыз. Колдон келсе англис тилинде дагы чыгаруу керек. Түркияда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Айрым учурларда кыргыздар менен казактар бир оюнду биздики деп талашып калышат.
Ал эми 8-мартта жүрүш уюштургандардын максаты сенсация жаратуу болушу мүмкүн. 8-мартты аялдарга гүл берген, алардын маанайын көтөргөн күн катары билчү элек. Аялзатынын укугун көчөгө чыгып кантип коргойбуз? Бул нерсени түшүнө алган жокмун. Алардын укугун башкача жол менен коргошубуз зарыл", - дейт Кадырбеков.