Сойкулукка иштөөгө мажбурланган 16 жаштагы кыздын иши Бишкек ШИИББине өткөрүлдү

Күч колдонулуп, каалоосуна каршы притондо иштөөгө мажбурланган 16 жаштагы кыздын иши Бишкек ШИИББине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына кыздын таежеси билдирди.

"Ишти Бишкек ШИИББи карап жатат. Ленин РИИБинен шаарга өттү. Бүгүн шектүүлөр менен бетме-бет сүйлөшүү болот. Андан соң он күндүн аралыгында сотко өтөт деп пландап жатабыз. Ал эми сиңдим менин үйүмдө биз менен", - деди ал.

16 жаштагы кыздын таежеси "жээнимди 12-ноябрь күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынан бейтааныш 2 адам Бишкекке алып келишип, андан соң күч колдонулуп, каалоосуна каршы притондо иштөөгө мажбурланган" деп билдирген. 23-январда Ленин райондук соту шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын карап, аларды эки айга камакка алышкан.

Окуянын чоо-жайы:

2019-жылдын 21-ноябрь күнү Ленин РИИБине М. аттуу жаранга карата чара көрүүнү сураган арыз түшкөн. Арызда ал 2003-жылы туулган Р.Н. аттуу жашы жете элек, оорулуу сиңдисине карата күч колдонуп, каалоосуна каршы притондо 12-ноябрдан бери иштөөгө мажбурланганы жазылган. 23-декабрь күнү арыз менен кайрылган жаран дагы арыз жазып, 2003-жылы туулган сиңдисин 12-ноябрь күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында бейтааныш 2 адам белгисиз унаага салып, Бишкекке алып кеткенин айткан. Аталган фактылар Ленин РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 166-берене (сойкулук кылууга тартуу) жана 170-берене (киши уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
katerina.li
2020-03-12 13:58:28
Апей,эми зорго каралып атавы???
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан