Чүйдө турак үйдөн өрт чыгып, 5 адам жаракат алышты. ӨКМнын маалыматына ылайык, кырсык тууралуу маалымат 12-мартка караган түнү саат 01:13тө келип түшкөн.
"Москва районунун Предтеченка айылындагы 1-май көчөсүндөгү турак үйлөрдүн биринен өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылып, саат 02:13тө толук өчүрүлгөн.
Кырсыктын кесепетинен үйдүн 40 чарчы метр дубалы жана шыбы күйгөн. Өрттүн кесепетинен 5 адам жабыркап, "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилген. Жабырлануучулардын абалы канааттандырарлык. Өрттүн себеби такталууда", - дешти маалымат кызматынан.