Бишкек шаарында баңги заттарын мыйзамсыз даярдоого шектелип эки жаран кармалды

Бишкек шаарында баңги заттарын мыйзамсыз даярдоого шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Милицянын кайгуул кызматынан билдиришти.

"2020-жылдын 7-мартында болжол менен саат 09:53 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Жыгач жаңы конушунда шектүү жарандар жүрөт деген маалымат келип түшкөн. Милициянын кайгуул кызматкерлери айтылган дарекке барганда шектүүлөр унаа менен качышкан. Көрүлгөн ыкчам аракеттин негизинде шектүү катары 1980-жылы туулган К.Р. жана 1981-жылы туулган Б.В. кармалып, аларга тиешелүү Нексиа үлгүсүндөгү автоунааны текшерүү учурунда 4 даана жыты бар, 1 даана кызыл түстүү, 1 ак түстүү өзгөчө жыты бар целлофандар жана 4 даана дүрбү, бычактар табылып, Октябрь РИИБинин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 268-берене (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып, өткөрүү, максатсыз мыйзамсыз даярдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан