"Ишембиде шаар базарларында ундун баасынын 2000 сомго чейин чыгып кетиши биз үчүн күтүүсүз болду" деген пикирин билдирди өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 16-мартта берген маалымат жыйында.
Өкмөт башчынын айтымында, туура эмес маалымат таратылып, элди дүрбөлөңгө салуу аракеттери жүргүзүлгөн.
"Айрым жеке кызыкчылыгын ойлогон жарандар 1 300 сом турган 1 кап ундун баасы 2000 сомго чейин чыгарышкан. Бул абдан өкүнүчтүү көрүнүш болду. Себеби Кыргыз өлкөсүндө ушундай кыйынчылыктарга каршы туруу боюнча абдан чоң иштерди жүргүзүп жатсак, айрымдар жеке кызыкчылыгын ойлоп, негизи жок эле унду жана башка азык-түлүктөрдү кымбаттатууга аракет кылышты.
Буга байланыштуу кечээ дем алыш күнү базарларды кыдырдык, мен дагы бардым. "Дордой-Дыйкан", "Фрунзе" соода түйүнүнө барып сатуучулар жана жарандар менен жолуктук. "Дордой-Дыйкан" базарында ун сатуучулар кампасын жаап, ундун баасы жогорулайт же ун жок калды деген шылтоо менен бааны көтөрүшкөн. Жарандар менен дагы жолуктук. Алар Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин ишинин жакшы таасири тийбей жатканына нааразы болушту. Бирок бул күтүлбөгөн нерсе болду. Социалдык тармактарда чек ара жабылыптыр, ун келбейт экен деп ушак чыгарып жиберишет деп ойлогон эмеспиз", - деди өкмөт башчы.
Ошондой эле Абылгазиев Казакстанда вирус пайда болгонуна байланыштуу жарандардын кыймыл-аракетине, жүрүшүнө чектөө киргизилерин белгиледи.
"Текшерүү процесстери кыйындайт. Бирок бизнеске, товар жүгүртүү боюнча эч кандай тоскоолдук жаралбайт. Учурда ал жакта Казакстан президентинин жарлыгын аткаруу боюнча өкмөт ыкчам иш-чараларды иштеп чыгып жатканы белгилүү. Кирип, чыгып жаткан бизнесмендер текшерилет. Товарларга чектөө коюлбайт", - дейт Абылгазиев.