Ошто дагы бир тигүү фабрикасы бет кап чыгара баштайт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов бет кап тартыштыгынан улам "Мурас" тигүү фабрикасынын кызматкерлери менен жолукту. Мэр "Мурас" тигүү фабрикасынын жетекчилигине бет кап чыгарууну колго алуу зарылчылдыгы пайда болгонун айтып, кызматкерлерди элдердин саламаттыгы үчүн жардам берүүгө чакырды.
"Шаарда “Дастан” ишканасы бет кап тигүүдө. Бул жетиштүү эмес. Ошол себептен сиздерге келип, бет кап чыгарууга көмөк көрсөтүүнү суранып жатабыз. Ишиңиздерди таштабай, бет кап тигүүгө жардам беришиңиздер керек. Учурдагы абалдан чыгууга баарыбыз ынтымакта аракет кылышыбыз зарыл", - деди шаар башчысы.
Аталган фабрикада негизинен улуттук кийимдер чыгарылат.