Умрадан келген кочкорлук жарандын анализинин жыйынтыгы чыкты

Нарын облусунун Кочкор райондук ооруканасына коронавируска шектелген жарандын анализи таза чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы SUPER.KG порталына билдирди.

"Ал жарандын анализи таза чыкты. Учурда изоляцияда. Ал анализинин жыйынтыгын уккан соң үйүнө кете берүүнү суранган. Бирок аны республикалык штаб чечет", - дешти басма сөз кызматынан.

Бүгүн, 18-мартта коронавирус жуктуруп алганы аныкталган 3 Кыргыз жараны Сауд Арабиядан 12-мартта учуп келишкени айтылды. Жабыркагандардын бири 1958-жылы туулган, экинчиси 1974-жылы туулган, ал эми үчүнчүсү 70 жаштагы жаран экенин саламаттыкты сактоо министри билдирди. Алар учуп келген аба каттамында 135 жүргүнчү бар болгон, азыркы учурда баары обсервацияга алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aerforce
2020-03-19 00:23:50
Пока койотурсун бир ай эч нерсе болбойт урук тууган уй булоосуно пайда
+10
gul3ina
2020-03-19 00:48:38
Кудайга миң мертебе шүгүр кайталап дагы текшериш керек
+9
Nargizab
2020-03-19 01:59:47
Кудайга шугур мин мертебе шугурлор болсун. Бугунку кундун эн жакшы жанылыгы.
+7
Paol
2020-03-19 03:27:40
Жакшы жанылык Кудайга шүнүр күндө эле ушундай жанылыүты уга береличи буйруса
+6
Aktan2018
2020-03-19 08:29:55
Дагы 3жолу текшерилип таза чыксан эн сонун болот.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан