Жалал-Абад. "Күлкү" Лигасы эми "Тамашоуго" айланды

Кыргызстанга белгилүү "Тамашоу" Лигасына катышып, облустун намысын коргоп келген "Жалал-Абад Күлкү Лигасы" эми "Тамашоунун" өздүк курамына кабыл алынды. Мурда "Жалал-Абад Күлкү Лигасы" деп аталып жүргөн бул күлкү тартуулоочулар эми "Тамашоунун" Жалал-Абад облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн куудулдарына айланышты. Бул өкүлчүлүктүн  ачылуу аземи 19-ноябрга белгиленип, ал Барпы Алыкулов атындагы драма театрында болору күтүлүүдө. Өкүлчүлүктүн президенти Абдыманап Дыйкановдун айтымында, ачылуу аземге "Тамашоу" Лигасынын президенти Эрмек Нурбаев өзү катышат. Ошону менен биргеликте ага мыкты командалар да келип, элге мыкты маанай тартуулаарын кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан