Учурда Египеттин аэропортунан каттоодон өтө албай жаткан ырчы Дайыр Исмадияров "бизди Казакстандын авиакомпаниясы кабыл албай жатат" деген нааразычылыгын SUPER.KG порталына билдирди.
"Египеттин Шарм-эль-Шейх шаарындагы аэропортто 30дан ашуун кыргызды казак авиакомпаниясы учакка киргизбей жатат. Себеп эмне десек, силерге мүмкүн эмес дешүүдө. Казак жарандарынын баары каттоодон өтүп, биз гана калып, азыр ызы-чуу түшүп жатабыз. Тиешелүү жайга байланышсак, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат деп коюшту", - дейт нааразы болгон Дайыр.