Коронавирус боюнча өлкөдө түзүлгөн кырдаалга ылайык, Ош шаарында 4 базар жабылды. Маалыматты ыкчам штабдан бүгүн, 20-мартта билдиришти.
"Бүгүндөн тарта борбордук автоунаа базары, автоунаа тетиктерин саткан базар, кийим-кечек саткан борбордук жана "Келечек" базары убактылуу жабылат. Мындай аракеттер алдын алуу чаралардын алкагында көрүлүүдө.
Ал эми азык-түлүк саткан жайлар жана дарыканалар иштей берет. Жарандарга эл көп чогулган жерлерге барбоо сунушталат", - деп айтылат маалыматта.
Суроолор боюнча Ош шаарынын мэриясынын ишеним телефону: (03222) 5-53-84 күнү-түнү жооп берет.