Жалал-Абад шаарында өкмөттүн токтомуна ылайык, 50 орундан ашкан кафе-ресторандар жабылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы маалымат борборунун башчысы Азамат Жээнбеков билдирди.
"Жалал-Абад шаардык мэриясынын кызматкерлери тарабынан атайын штаб түзүлүп, күнү-түнү иш алып баруудабыз. Буга чейин дагы түндө чыгып компьютердик клубдарга, 50 адамдан көп болуп чогулган коомдук тамактануучу жайларга барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз.
Азыркы учурда тамактануучу жайлар жабык. Ал эми базар жабылсын деп бизге жогору жактан буйрук келген эмес. Бирок жашоочулар өздөрү түшүнүү менен кабыл алып, соода жайларын ачпай турушат. Азык-түлүк саткан жайлар бардыгы иштеп жатышат. Шаарыбыздагы "Шабдалызар" аттуу кийим-кече саткан базарга барып дагы түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз", - деп билдирди.