Саясатчы, мурдагы депутат Алманбет Шыкмаматов Кыргыз өлкөсүндө коронавирустун жайылышын алдын алуу иш-чаралары үчүн ачылган атайын эсепке он миң сом которду. Бул тууралуу билип, оюн угуу үчүн саясатчыга байланышканыбызда "жардам кылдым деп көкүрөк каккым келбейт" деген пикирин айтты.
"Мен акча которуп, жардам кылып жатам деп төш каккым келген жок. Бирок биз азыр умрадан келгендерди, оору жуктуруп алгандарды сынап бир пайда таппайбыз. Тескерисинче, оору менен күрөшүүгө чогуу, бир максаттуу жардам берели, сөздөн ишке өтүп, коронавирустун жайылбашына кол кабыш кылалы. Жардам берүү колунан келгендерге флешмоб кылалы деп сунуш кылам. Дарыгерлерге жана дары-дармекке каражат керек. Албетте, бул чоң эрдик эмес, бирок тамчыдан дайра куралат", - деди ал.
Кечээ, 19-мартта Финансы министрлиги: "Эсепке чет элдик валютадагы ыктыярдуу жана гранттык каражаттар дагы түшөрү жана бардык чогулган каражаттар Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан көрсөтүлгөн иш-чараларга жумшалат", - деп билдирген.
Эсептин номери: 4402011000101373.