Сооронбай Жээнбеков: "Ата-бабаларыбыздын жолун улап, бул сыноодон улуттук ар-намысыбызды, атуулдук абийирибизди бийик кармап өтөлү"

Президент Сооронбай Жээнбеков Нооруз майрамына карата кайрылуу жасады.

"Урматтуу мекендештерим! Баарыңыздарды Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктайм! Элибиз тарыхтын татаал сыноолорунан өткөрүп, кылымдар бою сактап келген Нооруздун мааниси чоң. Энелерибиз бул күнү айлананы арча менен аласташып, "ар балээден сакта" деп тилек кылышкан, жаратылыш менен кошо жан дүйнөнү тазалоо жөрөлгөсүн жасашкан. Нооруздун символу — өнгөн буудай. Ата-бабаларыбыз "ырыскыбыз чогуу болсун, теӊ бөлүшөлү" деп бири-бирине сүмөлөк тартуулашкан.

Быйылкы Нооруз — дүйнө коомчулугу менен бирге, биздин өлкөбүз үчүн да чоң сыноо менен коштолду. Ушундай сыноодо кеменгер элибиз бийик улуттук намысын, терең адамдык ариетин далилдеп, илдет катталган алгачкы күндөрү эле биримдигин, сабырдуулугун, мекенчилдигин көрсөттү. Эми эпидемиологиялык кырдаалдын начарлоосуна, сырттан келген жарандардын тесттерди жана анализдерди берүүдөн четтеп кетүүсүнө жол бербөө абзел. Баарыбыздан тең санитардык эрежелерди катуу кармоо, карантиндин талаптарын кынтыксыз аткаруу, ар кандай чогулуштарды токтотуу, жолугууларды мүмкүн болушунча кыскартуу талап кылынат.

Балдарыбыздын, замандаштарыбыздын жана өзүбүздүн ден соолугубузга баарыбыз жоопкер экенибизди унутпайлы. Коронавирус илдетине кошумча болуп, дүйнөлүк экономикадагы кыйынчылыктардын кесепети бизге да жетти. Бюджеттин чыгымдарын кыскартуу, экономия режимин кармоо, бардык багытта тең сарамжалдыкты сактоо зарылдыгы жаралды. Бардык мекендештерибиз учурга туура түшүнүү менен мамиле кылат деп ишенем. Ар бирибиздин жарандык жоопкерчиликти бекем карманганыбыз — учурдагы сыноодон ийгиликтүү өтүүнүн негизги фактору.

Урматтуу мекендештерим, Нооруз күнү, ар бир мекендешиме, бардык үй-бүлөгө, ден соолук, бак-таалай жана ийгиликтерди каалайм. Элибиз айдан аман, жылдан эсен чыксын деп жараткандан тилейм. Аруу тилектерибиз, таза ниеттерибиз орундалып, жергебизге кут конуп, жакшылыктар мол болсун! Өлкөбүз өнүгүп, баарыбыздын алдыга койгон ой-максаттарыбыз ишке ашсын. Өлкөбүздүн келечегин, элдин тагдырын баарынан жогору коюп, коопсуздукту көзүбүздүн карегиндей сактоого чакырам! Ата-бабаларыбыздын жолун улап, бул сыноодон улуттук ар-намысыбызды, атуулдук абийирибизди бийик кармап өтөлү! Кудайым өзү колдоп, элибизде ар дайым ынтымак, мекенибизде дайыма тынчтык болсун!»

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Jaznura
2020-03-20 19:21:17
Аман болуңуз президент. Элибиздин башына оор сыноо келип турат. Биримдикте муну да жеңебиз.
+2
Alimbek1000
2020-03-20 19:29:46
Буйруса бул сыноонуда жеңип башка өлкөлөргө үлгү боло тургандай болобуз. Мен ишеним биздин элибиз кыйын учурда бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарган эл!
+3
Jaznura
2020-03-20 19:47:47
Alimbek1000,туура айтасың
0
Jeltelmen.99
2020-03-21 04:27:48
Не ылайык президенттике тамтырак
-1
erlan2196
2020-03-20 19:45:18
Соке кетсин. Татыктуу эмес. Сооронбайды курулай мактай бербегилечи. Эч нерсе кыла албайт.
-8
Alimbek1000
2020-03-20 19:46:29
erlan2196, эшек мээ ушу сага вирус жугуп тыртайып олуп кал
-3
Jaznura
2020-03-20 19:47:31
erlan2196,эмне сен татыктуусуңбу уят
+2
chake
2020-03-20 21:28:32
erlan2196,сен адам болбой тыртайып өлүп калар бекенсиң ушинтип жүрүп
-2
rysik79
2020-03-20 19:46:24
Куч бирдикте!
+2
JaneEr
2020-03-20 20:19:42
Президент менен Оштун мэри азамат!
-1
aydinnur
2020-03-20 20:50:09
Бааа..баары тааныш ондор!-дечу беле мындайда))Жазнура,Алымбек,Жанейер силер жонундо,бир гана Чаке дос жок))Бирок бул жолу президенттин куттуктоосу менен тилегине кошулам,жакын дебей-кас дебей баарыбыз бир муштумдай туйулушубуз керек экендиги азыркы учурдун чындыгы..Кудай буюруп баарыбыз биргеликте оору-сыркоону женсек анан баштайлы ээ политиканы,уч берен!?
+7
Alimbek1000
2020-03-20 20:57:38
aydinnur Баатыр номеринди калтырчы
-3
chake
2020-03-20 21:26:48
бүгүн сын айта турган мезгил эмес баарыбыз биригип ынтымакта бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруучу мезгил кыргыз элибизди асман жерден келген оору кырсыктан жараткан озу сактасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан