21-мартка карата дүйнө жүзүндө коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 274 миң 184кө жетти. Алардан 87 миң 991 адам айыгып ооруканадан чыкса, өлүмдүн саны 11 миң 375ке жетти.
Кытайда 81 миң 279 адам вирусту жуктурса, алардан 3 миң 255 адам вирустан каза болду. Вирустун экинчи очогу болгон Италияда 47 миң 21 адам вируска кабылып, 4 миң 440 адам ооруканадан айыгып чыгарылды, ал эми 4 миң 32 адам көз жумду.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.