Өлкө боюнча өзгөчө абал эмес, өзгөчө кырдаал режими киргизилүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов билдирди.
"Тактап айтчу нерсе, бул өзгөчө абал эмес, өзгөчө кырдаал. Бул жерде атайын эпидемиялык иш-чаралар жүргүзүлөт. Элдердин жүрүм-турумуна чектөөлөр болот. Өзгөчө абалга караганда жеңил болот. Экономикалык иш-чаралар башка маселелердин баары күнүмдүк турмушта жүргүзүлө берет. Ал эми зарылдыгы жок башка жакка чыгууга, эл көп чогулган жерлерге барууга тыюу салынат", - дейт Боронов.
Кыргыз мамлекетинде коронавирус жуктурган дагы 6 жаӊы учур катталды. Ооругандардын жалпы саны 12 адам.
18-мартта Сузакта коронавирус үч кишиден аныкталган. Кечээ, 20-мартта Ноокатта коронавирустун жаңы 3 учуру катталганы жарыяланган.