Бүгүн, 22-мартта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев республикалык ыкчам штабдын биринчи жыйынында өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселесине өзгөчө токтолду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Баары эртеңки күн кандай болот деп тынчсызданып жатышат. Бирок мен, премьер-министр катары баса көрсөткүм келет, көп нерсе биздин биргелешкен иш аракеттерден жана жөнгө салынган ишибизден көз каранды. Тамак-аш продуктулары, күнүмдүк керектелүүчү товарлар жана дары-дармектер өлкөдө жетиштүү. Биз алдын алуу мезгилинде жетиштүү көлөмдө запастарды камдап алдык. Ал эми жүк ташуу жана импорттоо мурдагы режимде ишке ашырылып жатат. Товар ташуу боюнча эч кандай маселе жок. Бардык өндүрүштүк ишканалар жана муниципалдык органдар ишин улантып жатышат. Ири соода жана мал базарлар гана жабылды, себеби бул жерлерге эл көп барат. Ар бир райондун же облустун кире беришинде санитардык-эпидемиялык посттор орнотулуп жатат. Жарандарды өтө зарыл болбосо, сапарларга чыгуудан карманып турууга чакырам", - деди Абылгазиев.
Ал киргизилген режим жарандардын кыймылы үчүн катуу чектөөлөрдү камтыбай турганын белгиледи. "Бирок Бишкек жана Ош шаарларында маршруттук таксилер убактылуу токтотулду. Ошол эле учурда автобустар жана тролейбустар штаттык режимде иштеп жатышат. Эл аралык аба каттамдар тууралуу айтсак, чектөөлөр киргизилгенине карабастан, биз чет жактагы жарандарыбызды мекенине кайтарууга аракет кылабыз", - деди Абылгазиев.