Жалал-Абад облусунда 13 даана ок атуучу курал алынды

Жалал-Абад облусунда 13 даана ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-марттан 21-мартка чейинки аралыкта Жалал-Абад облусунун аймагында ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү багытында жүргүзүлгөн ыкчам алдын алуу иш-чарасында 13 факты аныкталып, 12 даана сайсыз ок атуучу курал жана 1 даана травматикалык тапанча алынган.

Белгилей кетүүчү жагдай, жергиликтүү тургундар арасында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштери жакшы натыйжа берип, көпчүлүк учурда жарандар туура кабыл алышып, үйүндө чоң атасынан калып кеткен же таап алышкан ок атуучу куралдарды өз ыктыярлары менен милиция кызматкерлерине тапшырган. Ал эми жыл башынан бери ок атуучу куралга байланышкан 54 факты аныкталган болсо, былтыркы жылы бул көрсөткүч 51ди түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан