Алматы аркылуу келген 137 Кыргыз жаранын чек арадан тосуп алышты. Алар Бишкектеги мейманканалардын бирине карантинге жаткырылды (фото)

Бүгүн, 23-мартта эртең менен "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрмө пункту аркылуу келген 137 Кыргыз жараны Бишкектеги мейманканалардын бирине обсервацияга алынды. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, өлкөгө кайткан жарандарды Октябрь районунун акими, Октябрь РИИБинин жетекчиси тосуп алышты.

Маалым болгондой, 126 жаран Шарм-эль-Шейхтен (Египеттен), 11 жаран Бангкоктон (Таиланддан) Алматы аркылуу өлкөгө кайтышты. Бардык жүргүнчүлөр борбор калаадагы мейманканалардын бирине обсервацияга алынды. Алардан коронавируска тест алынып, карантинге киргизилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
katerina.li
2020-03-23 12:58:14
Жалан байлар келгенго,шыр мейманкана бериптир буларга.
+6
Bars88
2020-03-23 13:18:49
Дагы какылдап чыгышпасын жакшырак мейманканага жаткыралы деген окшойт.Ушундай саякатчылардын айынан канча киши кыйналып атат бут мамлекет
+6
fanatka19
2020-03-23 14:11:06
Окмотту убара кылып зыянын тийгизген учун тур фирма бюджетке акча которсун.Тур фирма куноолу угуп билип туруп ушуларга билет саткан.
+6
abusait
2020-03-23 14:49:26
Жанакы Дайыр деген ырчы да бар бекен арасында? Аман эсен келген болсун .
+2
Qwer007
2020-03-23 18:00:53
Бугун Алматыда Египттен келген аялдан вирус чыкты, менимче ушуларда чогу келишсе керек. Каттуу козомол кылышса экен
0
mirkaa5182
2020-03-23 18:09:19
жакшы сөз айтчы мага
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан