Ысык-Көл облусунун милициясы жергиликтүү тургундарды карантиндик режимди сактоого чакырат.
Ысык-Көл облусунда өзгөчө кырдаал жарыялангандан баштап облустагы ички иштер башкармалыгынын жана анын жер-жерлердеги бөлүмдөрүнүн өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө. Анда бардык карантиндик зоналар, элдин жашоо-тиричилигин камсыз кылуучу объекттер, дарылоо-санитардык мекемелер жана стратегиялык объекттер күчөтүлгөн кайтарууга алынды.
"Тилекке каршы, айрым жарандарыбыз илдеттин коркунучун толук көӊүлүнө албай жатышат. 21-марттан 23-март аралыгында 61 өспүрүм карантиндик режим учурунда өз алдынча көчөлөрдө жүрүшкөндүгү аныкталган. Өспүрүмдөр жана алардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилди", - деп билдирди басма сөз кызматкери.
Ысык-Көл ОИИБи жарандарга кайрылат:
Балдардын карантиндик режимин сактоого өзгөчө көӊүл буруп, алардын үйдөн чыкпоосуна аракет көрүлсүн;
Өздүк гигиенаны жана санитардык нормаларды сактоодо врач-эпидемиологдордун берген кеӊештерине жооптуу болуп, аны жоопкерчиликтүү түрдө аткаруу;
Өтө зарылчылык болбосо үйдөн чыкпагыла жана бир калктуу аймактан башка калктуу аймактарга автоунаа каражаттары менен баруу каттамдарын кыскартуу керек;
Социалдык түйүндөрдөн, WhatsApp аркылуу тарап жаткан такталбаган маалыматтарга көӊүл бурбагыла жана ишенбегиле.