Ухан шаарынан Италия өлкөсүнө коронавирус менен жабыркаган жарандарга жардам берүү максатында дарыгерлер келишкен. Алар видео кайрылуу аркылуу кээ бир өлкө өкмөттөрүнүн аталган вирустун алдын албай, кайдыгер караганы, алдын алуу иштерине маани бербегени негизги катачылык болгонун билдирип өткөн. Айтымында, вируска каршы айтылган эрежелерди эл сактабаса, анда анын алдын алуу мүмкүн эмес.
“Италиянын Милан шаарында Covid-19 вирусунан жабыркагандар көп экен. Учурдагы эң эле жумшак саясат көчөлөргө чыгууга тыюу салуу болууда. Абал оор экенине карабай, коомдук транспорттор каттап, эл көчөлөрдө басып жүрөт. Мейманканаларда тымызын кээ бир жолугушуулар өтүүдө.
Өз көзүм менен көп адамдарды бет капсыз көрдүм. Мен түшүнө албайм, силер эмне жөнүндө ойлонуп жатасыңар? Азыркы учурда биз эч нерсеге карабай, убакытты токтотушубуз керек. Баарыбыз үйдө, карантинде кармалуубуз шарт жана бул маанилүү. Биз ар бирибиз өз жашообузду, жакындарыбыздын жашоосун сактап калууга даяр болушубуз керек", - деп билдирген ухандык дарыгер.