Жогорку Кеңеште өзгөчө абал киргизүү боюнча президент чыгарган жарлыкка байланыштуу токтом кабыл алынды

Бүгүн, 24-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулушту.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Бишкек жана Ош шаарынын, Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндөгү жарлыктарга кол койгон.

Кезексиз жыйында президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев чыгарылган үч жарлык тууралуу учкай маалымат берди.

Жогорку Кеңештин депутаттары аталган үч жарлыкты бекитүүнү толук колдоо менен атайын токтом кабыл алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан